Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 23.03.2018 17:18 Жаңыланды: 23.03.2018 18:26 На русском

Видео, фото — Нарында 7 жыл мурун дайынсыз жоголгон Азимди үйүндө багып жүргөн Жалал-Абаддагы депутат окуя тууралуу айтып берди

Turmush -  Нарын шаарында мындан 7 жыл мурун дайынсыз жоголгон Асанкул уулу Азимди үйүндө багып жүргөн Базар-Коргон районунун Акман айылдык кеңешинин депутаты Актилек Осоркулов АКИпресс агенттигинен Азимдин изделип жаткандыгы тууралуу маалыматты окуп, баланын жакындарын издеп байланышкан. Ал Азимди кантип тапканын жана анын туугандарын кантип издегенин Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Актилек Осоркуловдун айтымында, ал 2017-жылдын февраль айында Бишкек шаарынан келе жатып, Таш-Көмүр шаарына жеткенде унаасы бузулуп калган. Ага ошол жерден Азим жардамдашкан.

«Унаам оңдолгондон кийин Азим: «Акчаңыз болсо 1 миң сом бериңизчи. Бишкекке кетишим керек эле» деди. Мен андан эмнеге борборго бара турганын сурадым. Ал Таш-Көмүрдө бир үй-бүлөдө чабан болуп жүргөнүн, көп ур-токмокко алынганын жана үйдөн качып чыккандыгын айтты. Бишкекте кимдикине барасың десем, ал жакта эч кими жок экенин айтты. Анда менин үйүмө бар, ата-энеңди табууга жардам берем десем макул болду. Жубайыма байланышып, мончону жагып коюшун өтүндүм. Чабан болуп жүргөндүктөн кийими кир, жагымсыз жыттанып жаткан эле. Айылга келгенден кийин айыл башчыга айттым, ал айыл өкмөткө, аймактык тескөөчүгө баланын ата-энеси жоктугун билдирди. РИИБге да билдирдим, райондогу укук коргоо органдарына кабар бердим. Алар Бишкекке маалымат жөнөтүштү окшойт, ата-энесин издештирдик. Райондогу укук коргоо органдарына баланын ата-энесин табууну өтүнүп, эгер эч кимиси табылбаса, аны өзүмдүн фамилияма өткөрүп алайын деп да кайрылып көрдүм.

Баланын жоголгону боюнча Бишкекке да маалымат кеткендиктен, ал жактагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен сүйлөшкөнбүз. Алар баланы алып келиңиз дешкен. Мен 22-23-март күндөрү «Ош» базарына алып барайын деп жаткам. Азим жашы канчада экенин так билбегендиктен, мен ага туулган күнүңдү 13-февралда белгилейбиз, 1997-жылкы болосуң деп айткам. Жээндерим үйлөнгөндө бир туугандарың чыкпаса сени кошо үйлөнтөм деп жүргөм. Бишкекте балдарды коргоо уюму бар экен, аларга кайрылсак, «биз жашы 18ге чыга элек балдарды карайбыз» деп жооп беришти. Жакындары табылып калаар деп үйүмдө алып жүрдүм, ал мага бир тууганымдай эле болуп калды. Балдарым да аны жакшы көрүшөт», - дейт Актилек Осоркулов.

Буга чейин Азим ага: «4-5 жаштарымда мени бир аял багып алган. Ата-энең жок деп урчу. Андан качып чыгып, Бишкектин Кызыл-Аскер районунда жүрдүм. Ал жерде түбү цех, үстү мейманкана болгон жерде түнөп жүрдүм. «Ош» базарында коробка терчүмүн. Ошондо бир эже сенин ата-энеңди таптык деп Таш-Көмүр шаарына салган. Ал жерден мени Эрмек деп ат коюп алышты. Ошол үйдө көп жүрдүм», - деп айтып бергенин белгиледи.

А.Осоркулов Азимдин жоголгондугу тууралуу 17-мартта АКИпресс агенттигинен маалымат окуганын айтты.

«Күн сайын эле интернеттеги маалыматтардан кабардар болуп турам. 17-мартта Асанкул уулу Азим жоголгонун окуп калдым. Башынын сол жагында тырыгы бар экени да жазылыптыр. Дароо эле Эрмекти чакырып, карасам чындап эле башында тырыгы бар экен. Маалыматта жазылып турган телефонго байланышып, «менде документи жок бала жүрөт, сүрөттөгү балага окшош» деп баарын түшүндүрүп бердим. Сүрөтүн жибериңиз дешкенде сүрөткө тартып дароо жөнөттүм. Мен байланышкан адам кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери экен. Кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери баланы жакындарына көрсөтүп, 18-март күнү таңга маал келип калышты. Анын туугандары табылганына баарыбыз кубанып жатабыз. Мен дагы Азимди туугандарына тапшырууну максат кылып жүргөм. Кичинекей 2 жаштагы кызым Айбийке Эрмекти узатып жатсак ыйлап, баарыбызды ыйлатты», - дейт А.Осоркулов.

А.Осоркуловдун эки уулу, эки кызы бар.

Ал эми Таш-Көмүр шаарында Азим жашап жүргөн үй-бүлө укук коргоо органдарына маалымат берген эмес. Азим жашаган үйү тууралуу болжолдуу маалымат берген. Баланын берген маалыматынын негизинде милиция Таш-Көмүрдөгү үй-бүлөнү тапты. Алар документтери жоктугу үчүн укук коргоо органдарына кайрылышпаганын билдирген.

Буга чейин Нарын шаарында мындан 7 жыл мурун дайынсыз жоголгон Асанкул уулу Азим Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылынан табылгандыгы маалымдалган.

Азимдин кичинекей кезинде тартылган сүрөтү

Нарын ШИИБдин маалыматына караганда, Базар-Коргон районунун Акман айылдык кеңешинин депутаты Актилек Осоркулов Turmush басылмасына чыккан маалымат боюнча милиция кызматкерлерине кайрылып, бир жыл мурун Асанкул уулу Азимге окшош бала багып алгандыгын жана анын жанында тийиштүү документтери жок экендигин билдирген. А.Осоркуловдун бул кайрылуусунун негизинде Нарын ШИИБдин кызматкерлери Азимдин ата-энеси менен чогуу Акман айылына барышкан.

«Азимдин ата-энеси А.Осоркулов багып жаткан бала менен жолугушту. Алар аталган бала өз уулу экенин таанышты. Ошол эле учурда бала дагы ата-энесин тааныды. Баланын табылышы боюнча тийиштүү иштер жүрүп, аны багып жаткан Актилек Осоркуловдон түшүнүк кат алынды», - деп билдиришкен ШИИБден.

Нарын ШИИБдин маалыматына караганда, Нарын шаарынын тургуну Сайкал Курманакунова уулу Асанкул уулу Азим (документ боюнча Конокбай уулу Азим) 2011-жылдын 8-январында кечки саат 19:30дар чамасында Ленин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып, кайра кайтып келбегендигин билдирип, милиция кызматкерлерине кайрылган.

Азим 1995-жылы 20-августта төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×