Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 22.03.2018 13:46

Ноокенде окуучу кыздын турмушка чыгып кетүүсү боюнча милиция иликтөө жүргүзүп жатат

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Ношкен айылындагы №20 орто мектебиндеги окуучу кыздын турмушка чыгышы боюнча райондук ички иштер бөлүмү тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, бул маселени райондук билим берүү бөлүмү иликтеп, кыздын кош бойлуу экендигин тастыктаган эч кандай документ жок экенин аныктаган.

Ушул жылдын 16-мартында райондук мамлекеттик администрациясынын чоң залында «Балдар жөнүндө» кодексинин жана «Билим берүү» жөнүндө мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмеси болуп өтүп, ага райондун аймагындагы айыл өкмөт башчылары, Кочкор-Ата шаарынын мэри, мекеме-ишканалардын жетекчилери, укук коргоо органдары, мектеп директорлору, социалдык педагогдор, райондук жана айылдык имамдар катышты.

Райондун прокурору А.Каримов эрте никеге туруу боюнча мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүнүк берип, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына, райондук билим берүү бөлүмүнө, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциясына жана райондук, айылдык имамдарга тиешелүү милдеттер жүктөлгөн.

«Бул окуя боюнча райондук билим берүү бөлүмү, райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциясы, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүндө талкууланып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди. Учурда бул маселе боюнча райондук ички иштер бөлүмү тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ноокен районуна караштуу Ношкен айылындагы №20 орто мектептин окуучу кызы турмушка чыгып кеткендиги жана анын класс жетекчисине сөгүш берилгендиги маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×