Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Жалал-Абад

Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев кызматынан бошотулду

Turmush -  Акпаралиев Сонунбек Абдылдаевич Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 22-мартта премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Сонунбек Акпаралиев Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 1968-жылы туулган. Билими жогорку. Ош педагогикалык институтунун физика-математика факультетин 1990-жылы аяктаган.

Андан соң КМУнун (азыркы КНУ) юридикалык факультетин 1997-жылы бүтүргөн. Кесиби — физика-математик мугалими, юрист.

Эмгек жолун 1990-жылы райондогу Н.Орозалиев орто мектебинде катардагы мугалим болуп баштаган.

Катардагы мугалимден директорлук кызматка чейин көтөрүлүп, 2003-жылы Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган.

Бир нече ирет райондук, облустук жана республикалык Ардак грамоталар менен дипломдордун ээси болгон. КРнын мамлекеттик кеңешчисинин 2-даражадагы чини ыйгарылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2805
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×