Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Фото — Чаткал районунда эң сулуу кыз тандалды

Turmush -  Чаткал районунда «Чаткал периси — 2018» сулуулар сынагы өтүп, жеңүүчү аныкталды.

Райондун акими Канжар Эшалиев билдиргендей, салтка айланган райондун сулуулар сынагы уюштурулду. Ага 7 кыз катышып, алар ар кандай тапшырмаларды аткарышты.

Сынак саламдашуу, өз өнөрүн көргөзүү, улуттук жана европалык стилде бийлөө, мода көрсөтүү, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан монолог айтуу сыяктуу жалпы 6 тапшырма боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, күч сынашты. Калыстар тобу ар бир кызга баа беришти.

Жыйынтыгында 1-орун Жаңы-Базар айылынан келген Талантбек кызы Айгеримге ыйгарылып, 1-даражадагы диплом жана 5000 сом сыйлык тапшырылды. 2-орун Шекафтар айылынан келген Айтурган Эгеновага берилип, 2-даражадагы диплом жана 3000 сом акчалай сыйлык берилди. 3-орунга Терек-Сай айылынын тургуну Айдана Мамырбекова ээ болуп, 3-даражадагы диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Ал эми Айгыр-Жал айылынын катышуучусу Айжамал Сатымкулова «Сахна жылдызы», Кызыл-Токой айылынын катышуучусу Бибигүл Апсамат кызы «Үлгүлүү кыз», Сумсар айылынын катышуучусу Айнагүл Ташматова «Ажарлуу айым», Курулуш айылынын катышуучусу Жаңылай Салиева «Бийкеч» номинацияларына ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 743
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 23 адам окуп жатат)
×