Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Балдарды кампада жана тоодо машыктырган Б.Нурматовдун спортчулары эл аралык мелдеште өлкөнүн намысын коргошот (фото)

Turmush -  Аксы районунун Мукур айылынын 37 жаштагы тургуну Бообек Нурматов балдарды спорттун каратэ-до түрү менен акысыз машыктырып келет.

Атайын машыгуучу спорт зал жок болгондугуна байланыштуу ал өзүнүн дүкөнүнүн кампасында 120 баланы машыктырып жаткандыгын жана 1 жылдын ичинде спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтүп, мелдештерде 6 алтын, 18 күмүш жана 15 коло медаль утушканын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен 23 жашымдан бери каратэ-до менен машыгып келе жатам. Мелдештерде 3 күмүш, 2 коло медалга ээ болгом. Бул өнөрдү спорттун эң мыкты түрү десе болот. Алгач 2004-жылы шаарда балдарды машыктырып жүрдүм, кийин 2017-жылы туулуп өскөн айылыма келдим. Бул жерде машыгуучу жай жок болгондуктан Авлетим айыл өкмөтүнүн борборундагы дүкөндүн кампасын тазалап, ошол жерде балдарды машыктары баштадым. Учурда 120 бала үзгүлтүксүз машыгып жатат. Каратэ-дого кызыккан балдар көп», - деди Б.Нурматов.

Анын айтымында, анын спортчулары өлкө аймагындагы мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетүүдө.

«Бир жыл аралыгында мен машыктырып жаткан окуучуларым көп жеңиштерди алып келди. Жалпысынан 6 алтын медаль, 18 күмүш жана 15 коло медаль жеңип келдик. Бир жылдын ичинде эле мындай ийгиликке жетүү оңойго турган жок. Себеби балдарды эски дүкөндүн кампасында, эч кандай шарты жок залда машыктырып жатабыз. Ошого карабай балдардын спортко болгон кызыгуусу күч. Эгер шарты бар машыгуучу зал болгондо спортчулар мындан дагы көп ийгиликтерди жаратмак. Азыр 120 бала 4 бөлүк менен машыгып жатат. Мектептин залы окуучулардан бошобойт. Эгер 120 баланы бир күнгө чогулта турган болсок, мектептин залын алууга туура келет. Шарты жок жерде машыгуу абдан оор. Спорт залга муктаж экенибизди айтып, район жетекчилигине жана айыл өкмөткө кайрылганбыз. Айыл өкмөт тарабынан 50 миң сом бөлүнүп берилген. Ал каражат менен чоң маселе чечилбейт. Азыркы залыбызга машыгууга ылайыкталган килемдер жетишсиз. Анын баасы 115 миң сом экен», - дейт машыктыруучу.

Б.Нурматов кээде балдарды тоодо машыктырат. Себеби таза аба спортчуга күч-кубат берет деп эсептейт.

«Балдарды машыктыруунун ыкмаларынын көп түрүн колдонобуз. Негизинен бир залда эле машыктара бербей, тоого дагы алып чыгып машыктырууну колго алдык. Жаратылыш спортчуларга чоң күч берет. Ошондуктан бийик тоолорго алып чыгууну адатка айлантканбыз. Каратэ дене бойду чыңдоого, акыл-эсти тунук кылууга, акылды бир багытка жумшоого үйрөтөт. Ушул өнөрдү туура үйрөнгөн адамдар коомдо өздөрүн ордун таап, туура жолдо жүрүшөт. Бул спорт адамга көп пайдасын тийгизет. Келечекте каратэ менен машыгууга жакшы шарттарды түзүп, жаштардын көпчүлгүн бул спорттун түрүнө тарткым келет. Айыл жеринде машыккан балдар спортто көбүрөөк ийгиликке жетишет. Шарттын жоктугу ыңгайсыздык жаратууда», - деди ал.

Б.Нурматов Аксы райондук каратэ-до федерациясын да түптөгөн. Анда 7 жаштан 17 жашка чейинки 120 спортчу туруктуу машыгат. Учурда машыктыруучу ишкердин жардамы менен спортчуларды акысыз машыктырууда.

Ал үй-бүлөлүү, 4 кыздын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3282
×