Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 21.03.2018 21:20

Таш-Көмүрдө Нооруз майрамында 1 жаштагы Мединанын тушоосу кесилди (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Майрамдык иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана шаар тургундары күбө болушкан.

Иш-чаранын жүрүшүндө концерттик программалар тартууланып, спорттук оюндар боюнча мелдештер уюштурулду. Ошондой эле салтанатта тушоо кесүү жөрөлгөсү көрсөтүлүп, 1 жаштагы Мединанын тушоосу кесилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×