Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 21.03.2018 12:56

Токтогулда Ноорузда сүмөлөк жана көжө таратылды (фото)

Turmush -  Токтогул районунун Токтогул шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип жатат. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан маалымдашты.

Маалыматка караганда, иш-чарага район акими Майорбек Сатымкулов, Токтогул шаарынын мэри Марат Калмурзаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышып, элди Нооруз майрамы менен куттукташты.

«Майрамга карата 3 боз үй тигилип, катышуучуларга сүмөлөк жана көжө тартууланды. Кыргыздын эң байыркы тамактарынын бири болгон көжө 50 литрлик казанга даярдалды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×