Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Мал доктурлук кесип аял үчүн оңой эмес, - өмүрүн мал дарылоого арнаган А.Сапаркулова (фото)

Turmush -  Токтогул районунун тургуну Алмагүл Сапаркулова өмүрүн мал-жандыктарды дарылоого арнаган инсан. Учурда ал Токтогул райондук ветеринардык жана фитосанитардык башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенет.

Өзүнүн айтымында, анын балалыгы мал арасында өткөндүктөн, эмдөөгө келген мал доктурлардын жумушуна кызыгып, алардын жандарынан чыкпай калчу. Жаштайынан көксөгөн кесибине жетүүгө мектепти бүтүп, чабан болуп калгандан кийин эшик ачылган. Тактап айтканда, Айыл чарба институтунан билим алып, 1981-жылы окуусун ийгиликтүү аяктаган. Ал мезгилдин тартиби менен ошол эле жылы Баткен облусунун «Лениндин жүз жылдыгы» совхозунда жумушун баштаган. 1993-жылдан тарта өзү туулуп өскөн Токтогул жергесине келип, жумушун улантып, иштеп келет. 25 жыл аталган башкармалыкта башчынын орун басары болуп иштесе, 2014-жылдан бери жетекчилик кызматты аркалап келет.

Анын айтымында, мал доктурлук кесип аял киши үчүн оңой эмес, бруцеллез сыяктуу ооруну жугузуп алуу коркунучу да бар. Аялзаты үчүн букаларды жана атайын багылган породалуу иттерди эмдөө кыйынга турат жана коркунучтуу.

«Жаш мезгилимде букаларды да эмдедим, бирок кооптонуу бар эле. Бука булкунуп, кокус алдында калсаң өлүп калышың мүмкүн эле. Өз тажрыйбамда тууй албай кыйналган уйлардын, койлордун туутуна көп барам. Ушул жаныбарлар көп кыйналышат. Малдарды кесип туудурууга азыраак катыштым.

Эмнегедир мурун эмдеген малдарга кийин барсам мени таанып калышат да, сезишет. Көздөрү башкача болуп, бир жерге турбай калышат. Ит менен букаларды эмдөөдө коркунуч болот. Акыркы жылдары атайын породалуу иттер багыла баштады. Ит ээлери эмдетип кетип турушат, ооруганда кайрылышат. Аял киши үчүн опурталдуу жумуш», - дейт Алмагүл Сапаркулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 442
Көп окулду
×