Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу 19.03.2018 17:03

Майлуу-Суудагы окуучуларга эрте турмушка чыгуунун, рэкетчиликтин кесепеттери айтылды (фото)

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында «Биз Кыргызстандын чыңдуу келечеги үчүн» аттуу профилактикалык түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Бул тууралуу ШИИБден маалымдашты.

Маалыматка караганда, бул иш-чара шаар аймагындагы №1,2,3,4,5,7,8 жалпы орто билим берүүчү мектептерде, №76 кесиптик лицейде, ЖАМУнун Майлуу-Суу шаарындагы колледжинде, Борбордук Азия колледждеринде аз камсыз болгон үй-бүлөдө тарбияланган 183 өспүрүм үчүн өткөрүлдү. Ага ШИИБдин, шаардык прокуратуранын, мэриянын, социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана жалпы дарыгерлер практикалоо борборунун дарыгер кызматкелери катышты.

ШИИБдин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Т.Качканаковдин айтымында, иш-чара жашы жете элек өспүрүмдөр арасында жана аларга карата кылмыштуулукту, укук бузууну, үй-бүлөлүк зомбулукту, өз жанын кыюуну, коомдук жайда топтошуп мушташууну, мектеп рэкетчилигин, баңгичиликти жана чылым чегүүнүн, эрте кош бойлуулуктун, жыныстык катнаш аркылуу жугуштуу оорулардын жугушун алдын алуу максатында өткөрүлүп жатат.

Прокурордун жардамчысы Т.Баратов жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук боюнча маалымат берип, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы А.Сагындыкова үй-бүлөлүк зомбулук боюнча айтып өттү. Шаардын дарыгерлери, нарколог-неврапотолог Ө.Максуталиев жана венеролог-дерматолог К.Калдымолдоев аракечтик, баңгичилик жана чылым чегүү, эрте кош бойлуулук, жугуштуу оорулардын жугуу жолдору тууралуу өспүрүмдөргө маалымат беришти.

ЖӨИТтин улук аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Диляра Молдобаева өз жанын кыюу, мектеп рэкетчилиги, коомдук жайда топтошуп мушташуу, эрте турмушка чыгуунун кесепеттери жөнүндө түшүңдүрмө берип, видеотасмалар, видеороликтер көрсөтүлүп, өспүрүмдөр менен суроо-жооп түрүндө маектешүү, талкуулар жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×