Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуНоокен району 19.03.2018 10:01

Ноокенде боюна бүтүп, турмушка чыгып кеткен окуучу кыздын класс жетекчисине сөгүш берилди

Turmush -  Ноокен районуна караштуу Ношкен айылындагы №20 орто мектептин окуучу кызы турмушка чыгып кеткен. Бул маалыматты аталган мектептин директору Абдукерим Толубаев тастыктады.

Анын айтымында, 11-класстын окуучусу өзүнүн каалоосу жана ата-энесинин макулдугу менен коңшу айылдагы 19 жаштагы жигитке турмушка чыккан.

«Жеке өзүм баш болуп кыздын ата-энесине бардык, түшүндүрүүгө аракет жасадык. Бирок биздин айткандарыбызга макул болушкан жок, бизге тил кат жазып беришти. Класс жетекчисине сөгүш берилди. Биз буга чейин эле эрте турмушка чыгуунун терс жактары боюнча окуучуларга бир топ иш-чараларды өткөрүп келгенбиз», - деди мектеп директору.

Маалыматка караганда, кыздын боюнда бүтүп калуусунан улам ата-энесин кызын турмушка берүүгө аргасыз болгон.

№20 мектепте жалпысынан 700дөн ашуун окуучу билим алат, 52 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×