Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Жалал-Абад

Унаа сүзүп, денесине ар кандай жаракат алган 6 жаштагы кыз ооруканага түштү

Turmush -  Жол кырсыгынын кесепетинен 6 жаштагы кыз Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы ооруканага жеткирилди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган шаардын 2011-жылы туулган Ж.Ж. аттуу тургунун унаа сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 6 жаштагы кичинекей кыз денесине ар кандай жаракат алып, 17-мартта болжол менен саат 17:35 чамасында ооруканага жеткирилген. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, хирургиялык бөлүмгө жаткырылды. Учурда анын абалы орто оор деп бааланууда.

Айрым маалыматтарга караганда, аталган кызды «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп кеткен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 870
Көп окулду
×