Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Жалал-Абад

Мекендештер: Сузактык Б.Тойчубеков Москвада машыгып, эр таймашта ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак айылынын 26 жаштагы тургуну Бахтияр Тойчубаев эрежесиз эр таймаш боюнча ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, спортка келишине агасы түрткү болгон. Учурда Москвада жеке ишкерлик менен алектенет. 2015-2016-2017-жылдары 61 кг салмакта JFCнин чемпиону болгон.

«2009-жылы бокс боюнча КРнын чемпиону болуп, жаштар арасында спорт чебери аталдым. 2013-жылы эр таймашка катышып, жеңүүчү деп табылдым. 2015-жылы Молдовада болуп өткөн өткөн WMMAF версиясы боюнча дүйнө чемпиондугун багындырдым. 2015-2016-жылдары Кыргызстанда өткөн эл аралык JFC MMA турниринин 2 жолку жеңүүчүсү болдум. 2015-жылы Казакстанда өткөн эл аралык «Alash Pride» турниринде, 2016-жылы Кытайда өткөн эл аралык E.P.I.C турниринин жеңүүчүсү болдум. Андан кийин Сахалинде өткөн эр таймаш боюнча эл аралык турнирде алдыңкы орунда алдым. 2017-жылы Россияда өткөн мелдеште жеңүүчү аталдым. Күн сайын залга барып машыгып турам. Келечекте Кыргызстаныбызды дүйнө жүзүнө таанытам деген максат менен машыгып келем», - деди ал.

Мушкер жигит жубайы экөө 1 баланы тарбиялап жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1351
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×