Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-декабрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 16.03.2018 17:11 Жаңыланды: 16.03.2018 18:41

Бишкек—Ош унаа жолу эки тараптуу ачылды

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун 2,5 млн метр куб кар көчкү түшкөн 246-чакырымы тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жол жана транпорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолдун аталган участкасында 3 жүктөгүч, 3 бульдозер тынымсыз иштеп, кар көчкү тазаланды.

Мындан тышкары, кечээ унаа жолдун 126-чакырымында Ала-Бел ашуусуна түшкөн 10 миң метр куб кар көчкү тазаланды.

ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, саат 18:00гө карата Бишкек—Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Көчкү-Булак тилкеси) түшкөн кар көчкүнү тазалоо иш-чаралары саат 17:40та аяктап, унаа жолу эки тараптуу ачылды.

Бирок, Бишкек—Ош унаа жолунда жол каттамынын ачылышын күтүп турган унааларды биринчи кезекте өткөрүү жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, Арал жана Сосновка өткөрүү пункттары унаалардын жүрүүсү үчүн азырынча жабык.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы Бишкек—Ош унаа жолунун 246-чакырымында 13-мартта саат 22:40 чамасында көлөмү 2,5 миллион куб кар көчкү түшкөндүгүн маалымдаган.

Кийинчерээк Ош—Бишкек унаа жолунун Чычкан капчыгайындагы 249-чакырымда дагы кар көчкү түшкөн.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиевдин айтымында, кар көчкү 14-мартта саат 17:00 чамасында түшкөн. Анын узундугу 30 метр, бийиктиги 5 метрди түзгөн.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

14.03.2018Кар көчкү түшкөн Ош—Бишкек жолундагы Чычкан постунда 200дөй жүк ташуучу унаа токтоп турат (фото)
14.03.2018Бишкек—Ош жолунун 246-чакырымында 2,5 млн куб кар көчкү түшүп, жол эки тарабынан жабылды (толукталды, видео, фото)
14.03.2018Кар көчкү Бишкек—Ош унаа жолун жаап калды: Посттордо 200дөн ашык унаа токтоп турат (фото)
15.03.2018Кар көчкү Бишкек—Ош унаа жолун жаап калды: Жолдо турган жүргүнчүлөргө ысык тамак берилди (фото)
15.03.2018Бишкек—Ош жолунун кар көчкү түшкөн тилкелерин тазалоо иштери улантылып жатат
15.03.2018Кар көчкү Бишкек—Ош унаа жолун жаап калды: Кой союлуп, жүргүнчүлөргө ысык тамак берилди (фото)
16.03.2018Бишкек—Ош унаа жолуна дагы 1000 метр куб кар көчкү түштү
16.03.2018Бишкек—Ош унаа жолуна 2 саатта 3 жолу кар көчкү түштү
16.03.2018Кар көчкү Бишкек—Ош унаа жолун жаап калды: 8 жүргүнчү аймактык ооруканага жеткирилди
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×