Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 16.03.2018 12:40

Жалал-Абадда Ноорузга карата улуттук оюндар боюнча мелдештер өтөт

Turmush -  Бүгүн, 16-мартта Жалал-Абад шаарында 380 миң сом байге коюлган көк бөрү боюнча мелдеш башталат. Бул тууралуу Ош облустук Жаштар иштери дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Токтосун Камчыбеков билдирди.

Анын айтымында, 21-мартка чейин созула турган мелдеш Нооруз майрамына карата жана Региондорду өнүктүү жылына карата уюштурулат. Оюнга Ош облусунан 2 команда, Баткен облусунан 2 команда, Ош шаарынан 2 команда, Жалал-Абад облусунан 2 команда ат салышат. Ага кошо Өзгөн районунан Кара-Шоро, Жазы айыл өкмөтүнөн 1 команда катыша турган болду. Мелдештин байге фонду КРнын Улуттук спортту өнүктүрүү дирекциясы тарабынан каржыланды.
20-21-март күндөрү эр эңиш, кулан чабыш, жорго чабыш, ат жарыш, бүркүт салыш, жаа атуу оюндары өткөрүлөт.

Аталган оюндар былтыр Ош облусунда өткөрүлсө, быйылкы жылы Жалал-Абадда өтүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×