Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата 15.03.2018 10:23 На русском

Кочкор-Атадагы лицейдин директору 19 миң сом пара алып жатканда кармалды

Turmush -  Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад облустук прокуратурасы менен бирге Кочкор-Ата шаарындагы №77 профессионалдык лицейдин директорун 19,4 миң сом пара алып жатканда кармашты.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмүнө Ч.А. аттуу жеке ишкер арыз менен кайрылып, №77 лицейдин жетекчилиги пара талап кылып жатканын билдирген.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө аталган лицей 2018-жылдын февраль айында азык-түлүк жеткирүү кызматы боюнча тендер жарыялаганы белгилүү болду. Тендерди жеке ишкер Ч.А. жеңип, келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык, жеке ишкердин эсебине ай сайын аткарылган жумуш үчүн 20 миң сомдон ашык акча которулушу керек болгон. Бирок лицейдин жетекчилиги Ч.А.дан ай сайын төлөнүүчү акча каражатынын 90% берүүнү жана алынып келинген азык-түлүктөрдүн тизмеси жазылган баракка кол жана мөөр коюуну талап кылган.

Аталган кызматтын жана облустук прокуратуранын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин негизинде №77 лицейдин директору пара алып жатканда кармалды. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 313-берененин (опузалап пара талап кылуу) жана 304-берененин (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иш козголду.

Кармалган жаран Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×