Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Жалал-Абад

Кар көчкү түшкөн Ош—Бишкек жолундагы Чычкан постунда 200дөй жүк ташуучу унаа токтоп турат (фото)

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунун 246-чакырымында 2,5 млн метр куб кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу Токтогул районундагы «Чычкан» атайын стационардык постунда 200дөй оор жүк ташуучу унаалар токтоп турат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, жеңил унаалар Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларынан кайтарылууда.

«Бишкек—Ош унаа жолу менен алыскы сапарга чыкпоону эскертебиз. Анткени 246-чакырымындагы Көчкүлүү-Булак участкасында 2,5 миллион кубка жеткен кар көчкү түшүп, жол жабылган. Жол эки сутка жабылаары айтылууда», - деди ал.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы Бишкек—Ош унаа жолунун 246-чакырымында кечээ, 13-мартта саат 22:40 чамасында көлөмү 2,5 миллион куб кар көчкү түшкөндүгүн маалымдаган.

Маалыматка караганда, саат 06:00гө карата, «Сосновка» (Жайыл району) постунда 5 жеңил унаа жана 50 оор жүк ташуучу унаалары кезекте турат, унаалардын айдоочуларына жана жүргүнчүлөрүнө ысык тамак жана чай берүүчү пункту уюштурулуп, тез жардам кызматынан бир автоунаа нөөмөттө турат. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун «Арал» постунда 35 жеңил унаа жана 60 оор жүк ташуучу унаалары турат, жеринде 2 даана чатыр тигилип, темир титандар орнотулуп, жүргүнчүлөргө ысык чай уюштурулду. Ал эми Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунда токтоп турган унаалар жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 951
Көп окулду
×