Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Жалал-Абад

Аксынын Тегене айылында курулушу 10 жыл мурун башталган спорт зал быйыл ишке берилет (фото)

Turmush -  Аксы районунун Тегене айылында 10 жыл мурун курулушу башталган спорт зал быйыл пайдаланууга берилет.

Жергиликтүү тургундар билдиргендей, 2008-жылы курулган спорт зал ушул күнгө чейин ишке бериле элек. Спорт залдын полдору кагылбай турат. Ал эми Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзагулов спорт залдын курулушу 10 жылдан бери бүтпөй жаткандыгынын себебин акча каражатынын жоктугу менен түшүндүрдү.

«Тегене айылында 2008-жылы спорт зал курулуп башталган. Ага түрткү берүүчү грант тарабынан 1 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал каражатка спорт залдын курулушу толук бүтпөй, ошондон бери токтоп турган. 2017-жылы жергиликтүү боюджеттен 2,5 млн сом бөлүнүп, учурда спорт залдын полу кагылып, актоо жана сырдоо иштери жүрүп жатат. Жакынкы күндөрдө спорт зал пайдаланууга берилет», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 989
Көп окулду
×