Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуТогуз-Торо району 10.03.2018 14:44

Тогуз-Тородо алтынды кайра иштетүүчү комбинатты курууга каршы болгон эл менен бийлик өкүлдөрү жолугушту

Turmush -   Тогуз-Торо районунда алтын кенин кайрадан иштетүүчү «Джи Эл Макмал Девелонинг» комбинатынын курулушуна нааразычылык билдирип чыккан жергиликтүү жашоочулар менен тийиштүү бийлик өкүлдөрү жолугушту. Бүгүн, 10-марттагы жолугушуунун алкагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, калктын суроолоруна жооп беришти.

Райондук мамлекеттик администрациянын маалыматы боюнча, нааразы болгон тарап менен өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкадыров, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басары Азис Сапаралиев, экологиялык инспекциянын төрагасынын орун басары Расул Артыкбаев, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары А.Рысбеков жана алтын каза турган комбинаттын жетекчиси Максат Жээналиев, «Кыргыз алтын» ААКтын вице-президенти Талант Казаков баштаган бийлик өкүлдөрү жолугушту. Райадминистрациянын маалыматы боюнча, райондун маданият үйүнө 200гө жакын адам чогулган.

Буга чейин:

2018-жылы 1-мартта Тогуз-Торо районунда «Джи Эл Макмал Девелонинг» чакан заводунун курулуп жатканына нааразы болгон тургундар кайрадан митингге чыгышкан. Райондун акими Тилек Идирисовдун айтымында, нааразы болгон тургундар заводдун курулушун көрүп чыгышты.

«Митингге чыккан элдин ичинен 100гө жакын адам комбинатка кирип, заводдун курулушун көрүп чыгышты. Эл заводдун иштешине каршы болууда», - деди аким.

Маалым болгондой, митингге чыккандар «Джи Эл Макмал Девелонинг» ишканасынын алдына барып, анын дарбазасын кулатып, тез арада ишти токтотуу талабын коюшкан эле. Митингге чыккан тургундар 10-мартка чейин мөөнөт берип, кайрадан тарап кетишкен.

Буга чейин заводдун иштөөсү калкка зыянын тийгизет деп нааразы болгон тургундар 1-февралда митингге чыгып, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө мөөнөт берип тарап кетишкен болчу.

Жаңыдан курулуп жаткан заводду 2018-жылы июнь айында ишке киргизүү пландалып жатат. Алтынды ылгап алуучу завод айына 165 кг алтынды ылгоо мүмкүнчүлүгү бар экени айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×