Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.03.2018 13:33

Кара-Көлдө жаңы оңдолгон батир ээси көчүп кире электе өрттөндү

Turmush -  Кара-Көл шаарынын Токтогул көчөсүндө жайгашкан үйдө кечээ, 9-мартта саат 13:48 чамасында өрт чыкты. ӨКМдин маалыматы боюнча, жыгачтан курулган барак тибиндеги үйдө 8 батир бар. Кечээки өрт №3 батирде тутанган. Адамдар жаракат алган жок.

Батирди ээси жаңы оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, көчүп кирүүгө даярданып жаткан. Өрт кырсыгынан болжол менен 16 чарчы метр аянт күйүп кетти. Ага электр зымдарынын кыска чыңалуусу себеп болгону болжолдонуп жатат.

Айтылган дарекке жетүү өрт өчүрүүчүлөр үчүн чоң көйгөй жараткан. Бул үйгө унаа кирүүчү жол жашоочулардын автоунаалары менен тосулуп, ошондой эле айрым жашоочулар эски, колдонулбаган унааларын дагы токтотуп коюшкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×