Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 10.03.2018 10:15

Көк-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинен оорукананын жаңы имаратын куруп башташты (фото)

Turmush -  Ала-Бука районундагы Көк-Таш айылында оорукананын жаңы имаратынын пайдубалы түптөлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул оорукана Ала-Бука аймактык ооруканасынын түзүмүнө карайт.

Жаңы имараттын курулушунун башталышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле оорукананын жетекчилиги, жамааты катышты.

20 орундуу имаратты куруунун сметалык баасы 14 млн сомду түзөт. Бул каражат Көк-Таш айыл өкмөтү тарабынан каржыланат. Жаңы имаратты 2018-жылдын октябрь айында куруп бүтүрүү пландалууда.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×