Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Базар-коргондук Э.Токтосунов 20 миң сомдук дарбазаларды жасайт (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунун тургуну Эран Токтосунов темирден жасаган эмгектерин 9 миң сомдон 20 миң сомго чейин баалап сатат. Анын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Анын айтымында, темирден ар кандай тиричилик буюмдарын жасоочу ишкана ачууну пландап жатат. Ал 18 жашынан тарта темир устачылык менен алек.

«Өзүм Кызыл-Октябрь айылынан болом. 2009-жылы мектепти аяктагандан кийин Кочкор-Ата шаарындагы окуу жайда ширетүүчү адистиги боюнча билим алдым.Темирди кесип, аны ар кандай формаларга келтирип, ширеткичтин жардамы менен дарбазаларды жасайм. Алардын сапаты жана дизайны заводдо жасалган дарбазалардан кем калбайт. Учурда айылда дарбаза, селкинчек жана боз үйгө буйрутма алып, жасап жатам. Бир дарбазаны жасоого бир жумага чейинки убакыт талап кылынат. Кардар акчасын төлөп жаткандыктан анын сапатына маани берем. Жасалган буюмдун сапаты канчалык жакшы болсо, кардарга да ошончолук көп кызмат көрсөтөт», - деди ал.

Уста темир буюмдарды жасоочу атайын жабдыкты Россияда иштеп жүргөндө сатып алганын кошумчалады.

«Бул өнөрдү үйрөнгөндөн кийин айылда 2 жылдай эмгектенип, шартка байланыштуу Россияга иштегени кеттим. Ал жакта көбүнчө курулуш тармагында иштедим. Тактап айтканда, үйлөргө жылуулук системасын киргизгенди үйрөндүм. Иштеп топтогон акчама темир ширетүүчү, кесүүчү жабдыктарды сатып алдым. Учурда аталган жабдыктардын жардамы менен темирден буюмдарды жасап жатам. Бир дарбазанын орточо баасы 9 миң сом болсо, эң кымбаты 20 миң сомго чейин жетет. Ал эми, темирден жасалган селкинчектин баасы 8 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күндө ар бир үйдө бирден боз үй бар. Беш канаттуу кыргыз үйдү 18-19 миң сомго жасап, ортонуп жатабыз.

Кудайга шүгүр, кардарларыбыз арбын. Эми ишкана ачып, буюм жасоого буйрутмаларды алып, жасап берүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле, аларды кардарлардын үйүнө жеткирип да беребиз. Мен жасаган боз үйлөр Таласка чейин сатылып жатат. Ал эми дарбазалар, селкинчектер Ошко да сатылат », - деди уста.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2544
Көп окулду
×