Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 09.03.2018 14:15 На русском

Айыл турмушу: Унутта калып бараткан курактарды кураган Н.Рысбекова кийиз жасап, кыздардын себин даярдайт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун тургуну Наркүл Рысбекова унутта калып бара жаткан курактарды курап, кыздардын себин даярдайт. Аймактык кабарчы элеттик кол өнөрчү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, курак кураганды кайненесинен үйрөнгөн.

«Жашым алтымышка таяп калды. Жолдошум менен баш кошуп, бирге түтүн булатканыбызга 40 жылдан ашты. Жаңы келин болуп келгенде кайненем кийим тигүүчү машина менен курак курачу. Мен да андан курак куроону үйрөнүп, кийинчерээк кыздарыма сеп даярдадым. Муну менен катар айылдагы кыздардын себин даярдап жатам. Алар буйрутма менен тиктиришет», - деди ал.

Н.Рысбекова жайында мал менен жайлоого чыгат. Ал күзүндө жайлоодон келгенде койдун жүнүнөн кийиз жасайт.

«Жайдын күнү жолдошум менен бирге мал-жанды айдап, жайлоого чыгабыз. Ал жактан сүт-майыбызды камдап, кайра күзүндө айылга кайтабыз. Андан кийин койдун күзгү жүнүн кыркып, кийиз жана шырдак жасайм. Кийиздерди 3000 сомдон 5000 сомго чейин баалап сатам. Мындан тышкары, жасаган кийиздерди кыздарымдын себине кошуп берип, уулдарым бөлүнгөндө келиндериме берем», - деди ал.

Кол өнөрчү 6 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×