Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуСузак району 09.03.2018 15:22

Бишкек—Ош жолунда жылкыны сүзгөн унаанын айдоочусу каза болду

Turmush -  Кечээ, 8-март күнү саат 19:30 чамасында Бишкек—Ош автоунаа жолунун 589-чакырымында, тактап айтканда Жалал-Абаддагы Сузак районунун аймагында «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү автоунаа жолдон өтүп бара жаткан жылкыны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочу оор жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумду.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, айдоочунун өздүгү такталып, Кара-Суу районунун 1969-жылы туулган тургуну П.А. экени аныкталды. Кырсык боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Окуя болгон жерде унаа сүзгөн жылкы да өлгөн.

Кийинчерээк Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн аталган унаанын жүргүнчүлөрү денесинен жаракат алганын билдиришти. Алар — Сузак районунун Ынтымак айылынын 1992-жылы туулган тургуну Г.А. жана 1982-жылы туулган Г.М. Жабырлануучулар Жалал-Абад шаардык жана Өзгөн райондук ооруканаларына жаткырылды. Каза болгон айдоочунун бир тууган иниси окуя боюнча доосу жок экенин билдирип, арыз жазуудан баш тарткан.

«Бишкек—Ош унаа жолунун 589-600-чакырымдары калктуу конуштан сырткары жайгашып, тилкеге асфальт төшөлгөн. Жолдун кеңдиги 8,5 метрге жетет. Ал эми, жолдун чыгыш жана батыш тарабындагы жээги 1,5 метрди түзөт», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×