Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуТоктогул району 09.03.2018 11:21

Токтогулдагы 2 жол кырсыктан 3 адам жабыр тартты, унаа сүзгөн 65 жаштагы киши оор абалда

Turmush -  Токтогул шаарында кечээ, 8-мартта жол-транспорт кырсыктын кесепетинен 2 адам жаракат алды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жол кырсык саат 18:00 чамасында Бишкек—Ош жолунун 321-чакырымында болгон. Жаракат алган адамдар райондук ооруканага жеткирилди. Алар:

- 1990-жылы туулган Я.Ф., Токтогул шаарынын тургуну, сол санынын сөөгү сынган;

- 2009-жылы туулган К.А. (кыз бала), Токтогул шаарынын тургуну, ичинен жаракат алган.

Жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүп, жол кырсыктын себеби такталып жатат.

Мындан тышкары, Бишкек—Ош жолунун 319-чакырымында, Токтогул районунун Үч-Терек айылында саат 20:00 чамасында 65 жаштагы Б.З.ны унаа сүзүп кеткен. Ал Токтогул шаарынын тургуну экени аныкталды. Баш сөөгүнөн, мээсинен оор жаракат алган жабырлануучу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×