Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Жалал-Абад облусунун өнүгүшүнө салым кошкон айымдар сыйланды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата иш-чара уюштурулуп, аял кызматкерлер сыйланышты.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, иш-чара Барпы драмалык театрында уюштурулуп, район жана шаарлардан келген айымдарга концерттик программа тартууланды. Иш-чарага өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков баштаган жетекчилер катышып, айымдарды куттукташты. Ы.Ызабеков облустун экономикалык жана социалдык жактан өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан айымдардын саны арбын экенин белгиледи. «Айымдарга жакшы маанай тартуулап, аларга дайыма кам көрүү биздин милдетибиз», - деди ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө мекеме-ишканаларда эмгектенип жаткан аял кызматкерлер сыйланышты. Ошондой эле, мекемелерде ашпозчу, техникалык кызматкер болуп эмгектенген жана катардагы жөнөкөй кызматкерлерге белектер берилди. Андан кийин филармониянын жана Барпы драмалык театрынын өнөрпоздору тарабынан концерттик программа тартууланды. Облустук аялдар кеңешинин төрайымы Дамира Алимжанова, шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев бир нече аялга сыйлыктарды тапшырышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1406
Көп окулду
×