Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 09.03.2018 10:03

Аксыдагы сынакта окуучу балдар апалардын күнүмдүк иштерин аткарышты (фото)

Turmush -  Аксы районундагы Т.Сатылганов атындагы орто мектепте окуучу балдар арасында сынак уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучу Гүлжамал Чыналиева билдирди.

Анын айтымында, сынакка жалпы 6 окуучу катышып, аларга 6 шарт коюлду.

«Бизде өзгөчө кызыктуу сынак өткөрүлдү. Шарттардын бардыгы энелерибиздин күнүмдүк аткарган иштерине арналган. Мисалы алардын арасында топчу тигүү, салат жасоо сыяктуу күнүмдүк жасалуучу иштер бар. Сынактын негизги максаты — коомчулукта энелердин ордун көрсөтүү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кызыктыруучу белектерди тапшырдык. Ошондой эле, 21-март — Нооруз майрамын утурлай сармерден оюнун өткөрүүнү пландап жатабыз», - деди ал.

Аталган сынакка Жолон Шамшыбек уулу да катышкан. Ал апалардын жашоодогу ордун белгиледи.

«Апабыз бир күн үйүбүздө жок болсо үй караңгы болуп калат. Бүгүнкү сынактан кийин да энелерибиздин коомдогу орду кандай экенин дагы бир жолу белгилүү болду. Мисалы мен күчүк дап аталган салат жасадым. Чындыгында аны жасоо мен үчүн оор болду, топчу тигип жатып ийне менен колумду сайып алып, бир топ кыйынчылык жаралды. Буга чейин мектепке барып, топ ойноп шымымды жыртып келсем, апам түндөп тигип койчу. Ысык нан жегим келсе, таң атпай туруп ысык нан жапчу. Эми өзүм керек болсо камыр да жууруп берем», - деди ал.

Учурда Т.Сатылганов атындагы орто мектепте 800гө жакын окуучу билим алып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×