Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Баракелде, Бишкек 08.03.2018 14:03 На русском

Фото — Абакта жаткан сулуу айымдар

Turmush -  8-март — Айымдардын эл аралык майрамын абактагы кыз-келиндер дагы майрамдашат. Алар бул майрамга карата сынактарга даярданышкан. Учурда бул абактагы 300дөн ашык аялдын 25%ы адам өлтүрүү беренеси менен камалгандар.

Камактагы Аиданын айтымында, сынакка «кара роза» деп аталган көйнөк тиккен. Ага кыргыз оймо-чиймелери кошо тигилген. Абактан чыккандан кийин дизайнер болуп калышы мүмкүн экендигин билдирди.

«Мен 3 жылдан бери бул жердемин, дагы 2 жыл калды. Буга чейин керек болсо ийне кармап көргөн эмесмин. Көйнөктү тигүүгө 1,5 ай убакыт кетти. Ар бир гүлүн 3 күндө тигип жаттык», - деди ал.

21 жаштагы Алина абакка көнүп калбоого аракет кылат. Бул жакта анын жакын адамы жок.

«Бошотулушума 6 ай калды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×