Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Жалал-Абад облусу 07.03.2018 18:30

Жалал-Абадда погончон аялдар сыйланышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 8-мартта Жалал-Абад ОИИБде Аялдардын эл аралык майрамына карата иш-чара уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чарага кызмат өтөп жаткан аял кызматкерлер чакырылды. Анда милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов куттуктоо сөз сүйлөп, кызматтык милдетин жоопкерчилик менен аткарган жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга салым кошкон аял кызматкерлер сыйланды. Аларга «Датка айым», «Кадырман», «Азамат», «Кыргыз милициясына 90 жыл», «ИИМдин мыкты кызматкери» төш белгилери тапшырылды. Мындан тышкары, 26 кызматкер ардак грамота жана алкыш баракчаларга татыды.

Ошондой эле, ИИМдин буйругу менен 3 аял кызматкерге мөөнөтүнөн мурда кезектеги майор наамы ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×