Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 07.03.2018 17:13 Жаңыланды: 07.03.2018 18:48 На русском

Фото - Бишкек—Ош жолундагы кырсыктан 11 жаштагы кызы менен чогуу бара жаткан айдоочу каза болду

Turmush -  Бишкек—Ош унаа жолунун Кара-Көл шаарынын аймагындагы 378-чакырымында жол-транспорт кырсыгы катталып, 47 жаштагы айдоочу көз жумду. ӨКМдин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, окуя бүгүн, 7-мартта саат 11:00 чамасында болгон.

«Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаа Оштун Кара-Кулжа районунан Бишкек шаарынын 1971-жылы туулган жашоочусунун (М.К.) башкаруусунда борборду көздөй бара жаткан. Орто жолдо унаа башкаруусун жоготуп, Бишкектен Ош шаарын көздөй бара жаткан «Рено Премиум» жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу оор жаракат алып, көп узабай көз жумду. Анын жанындагы 2007-жылы төрөлгөн кызы катуу коркуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Ал денесинен оор жаракат алган эмес.

Ал эми 9 тонна жүк менен бара жаткан унаада айдоочу жалгыз болгон. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×