Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 07.03.2018 12:54

Аксыдагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы кайрадан шайланбай калды

Turmush -  Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы кайрадан шайланбай калды.

Аймактык кабарчыга айылдык кеңештин депутаты Мурат Турдубаев билдиргендей, шайлоого 21 депутат толук катышып, бирок талапкерлер жеткиликтүү добуш алган жок. «Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер ат салышты. 21 депутаттын ичинен 8 депутат талапкерлердин баарына каршы добуш берди», - деди ал.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы кызматына Тынчтык Биримкулов, Мамбеталы Ызаканов жана Бактияр Балтабаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн болчу. Талапкерлер мыйзамда көрсөтүлгөн 11 добушту топтогон эмес.

Кары-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы 6 айдан бери шайланбай, бюджет бекитиле элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×