Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 07.03.2018 11:52

Аксыдагы мектепке 714 миң сомдук даараткананын курулушу боюнча текшерүү иштери башталды

Turmush -  Аксы районунун Жерге-Тал айылындагы мектепке 714 миң сомго даараткананын курулушу боюнча териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу райондук администрациянын аппарат башчысы Нуртаза Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, учурда даараткананын курулушу боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

«Жерге-Тал айылындагы мектепке салынган дарааткананын курулушун тиешелүү органдар текшерип жатат», - деди ал.

Буга чейин Жерге-Тал айылындагы мектепке 700 миң сомго сапатсыз даараткана курулганын аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Анарбек Акбаралы уулу билдирген.

Анын айтымында, Абдыжапар Эрматов атындагы мектепке кымбат баадагы даараткана курулуп, бирок сапаты каралган эмес.

«Аталган мектепке 714 миң сомго даараткана салынган. Ал өтө кымбат баада курулуп, бирок сапаты каралган эмес. Учурда даараткана ишке берилгени менен айрым эшиктери орнотула элек. Ал жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган», - деди ал.

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Ташкулов даараткана кымбат баада курулганын тастыктады. «Мектептеги даараткана учурда иштеп жатат. Аны курууга тендерден 714 миң сом утуп алганбыз. Ал чындыгында кымбат баада курулуп калган», - деди Т.Ташкулов.

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн бюджети 3 млн сомду түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×