Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Жалал-Абад

Көп улуттуу сузактыктар ак калпакчан жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  5-март — Ак калпак күнүнө карата Сузак районунда 2 миңден ашуун жашоочу жөө жүрүшкө чыгышты. Райондук администрациядан маалымдашкандай, аялдар улуттук кийимдерди, эркектер ак калпак кийип, өлкөнү даңктаган патриоттук ырлардын коштоосундагы жөө жүрүш 4 чакырымга созулду.

Эки тараптуу жолдон келген жашоочулар район борборундагы борбордук аянтка чогулушту. Ал жерде район жетекчилиги куттуктоо айтышып, жалпы элге тынчтык, бакубат жашоо каалап, жакшы тилектерин айтышкан.

Ошондой эле, майрамдык салтанаттын алкагында ак калпактын улуулугу даңкталып, улуттар аралык биримдик чыңалып, ынтымак болсун деген тилектер айтылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 923
Көп окулду
×