Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 06.03.2018 13:55

Кара-Көлдө 8-мартка карата 250 айымга белек берилди (видео, фото)

Turmush -  Бүгүн, 6-мартта Кара-Көл шаарында 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата иш-чара уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чара концерттик программа менен башталып, мэр Ильяз Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев, аялдар кеңешинин төрайымы Бактыгүл Маматаева, башкы имам Бектен Керезбаев куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Андан кийин шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошкон айымдар, үй-бүлөлүк баалуулукту сактап, үлгүлүү балдарды тарбиялаган энелер, облустук предметтик олимпиадаларга катышып, республикалык олимпиадага жолдомо алган окуучулар мэриянын ардак грамотасы менен сыйланышты.

Мындан тышкары, 250 айымга майрамдык белектер жана гүл тапшырылды. Белек алган айымдардын арасында ооруктун ардагерлери, баатыр энелер жана мекеме-ишканалардын алдыңкы айым кызматкерлери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×