Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 06.03.2018 13:31

Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 мугалим талапкер болду

Turmush -  Аксы районундагы бюджети кабыл алына элек Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчылыгына 3 талапкер ат салышууда. Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаты Мурат Турдубаев шайлоо 7-мартта өтө турганын билдирди.

«Азыр 3 талапкер — Тынчтык Биримкулов, Мамбеталы Ызыканов жана Бактияр Балтабаев каттоодон өттү. Алар мектепте иштеген мугалимдер», - деди ал.

Талапкерлердин бири М.Ызаканов Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаты.

Учурда Кара-Жыгач айыл өкмөтүн мурунку башчы Батыркул Шабданов убактылуу башкарып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×