Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 06.03.2018 11:21

Ала-Буканын айылдарындагы мал менен айдоо жерлер суусуз калды (фото)

Turmush -  Ала-Бука районуна караштуу 1-Май жана Көк-Серек айыл аймактарына эки жумадан бери сугат суу берилбейт жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү кеңештин депутаты Адылбек Кожонов билдирди.

Анын айтымында, Көк-Таш, Көк-Серек жана 1-Май айыл аймактарын сугат суу менен камсыздап келген Чуст каналында 24-февралдан бери бир да тамчы суу акпай, жака белдеги аймактарда жашаган 10 миңден ашык адамга кыйынчылык жаралууда.

«Аймактар аркылуу Өзбекстандын Чуст районуна сугат суу кыштын кыраан чилдесинде да токтобой агып турган. Бирок учурда Ызар айыл аймагына көпүрө курулуп жатат деген шылтоо менен сугат суу 24-февралдан бери толук токтотулуп турат. Айыл аймактагы 5 миңден ашык бодо мал, 30 миңден ашык кой-эчки суусуз калды. Алар каналдагы кир сууну ичип жатышат. Ал эми, таза суу кезек менен чыгарылат. Жашоочулар кайсы жерде суу чыкса, ал жерге унаалары менен кезекке туруп, суу алып келишет.

Көптөгөн гектар жерлерге күздүк буудай эгилип, бак-дарактар отургузулган. Түшүмсүз калбасак экен деп кооптонуп жатабыз. Көпүрөнүн курулушунан улам каналга суу жетпей жатканы айтылууда. Бирок ал курулуп бүткүчө эл кыйналып калат. Жогорку бийлик өкүлдөрүнөн калк көйгөйүн чечип берүүсүн суранабыз», - деди ал.

А.Кожонов каналга суу берилбей жаткандыктан жагымсыз жыт чыгып, жанына барууга мүмкүн болбой калганын жана эл бул абал кайталана берсе эпидемия каптап кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×