Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусу, Таш-Көмүр 06.03.2018 10:32

Таш-Көмүрдө Ак калпак күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Таш-Көмүр шаарында кечээ, 5-мартта Ак калпак күнү белгиленип, жөө жүрүш уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана мектеп окуучулары катышты. Ак калпак кийген тургундар шаардык мэриянын алдынан маданият үйүнө чейин жөө жүрүш жасашты.

Салтанатка шаардын мэринин милдетин аткаруучу С.Бабатаев, шаардык кеңештин төрагасы С.Сансызбаев катышып, куттуктоо сөз сүйлөштү. Иш-чара мектеп окуучулары жана маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×