Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 06.03.2018 09:40

Акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 10 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 6-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы.

Жалал-Абаддагы Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагындагы Абдураимов айылында сарайдан өрт чыкты. Сарайдын 52 чарчы метр чатыры, 30 боо жүгөрү бакалы жана 130 боо пахта сабагы күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×