Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Жалал-Абад облусу 05.03.2018 16:46

Жалал-Абаддагы клиникалык ооруканада биринчи жолу күйүк бөлүмү ачылат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунда кечээ, 4-мартта облустук клиникалык оорукананын 50 орунга ылайыкталган күйүк бөлүмүнүн имаратына капсула салуу аземи өттү.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, иш-чарага өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатару Маматжан Миянов, облустук клиникалык оорукананын жетекчиси Жаныбек Карабаев жана имаратты курууну колго алган эл аралык фонддун директорлору катышты.

Оорукананын жетекчиси Ж.Карабаевдин айтымында, буга чейин облуста жана анын район, шаарларында күйүк бөлүмү ачылган эмес. Облустук ооруканага жылына 400дөн ашуун жаран күйүктөн алган жараат менен кайрылат. Алар Бишкек жана Ош шаарларына жөнөтүлөт.

«Бул биз үчүн чоң кубаныч болуп турат. Буга чейин бизге кайрылган бейтаптарды борборго жана Ошко жөнөтүп келгенбиз. Айрым учурда жаш балдарды травматология бөлүмүндө болсо да дарылоого аракет жасап келгенбиз. Бөлүмдү ачуу зарылдыгын демөөрчүлөргө, фонддун өкүлдөрүнө, министрликке жеткирип, демилге көтөргөн ыйгарымдуу өкүлгө ыраазычылыгыбызды билдиребиз», - деди Ж.Карабаев.

Аталган фонддун өкүлдөрүн облус башчысы кабыл алып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. К.Сатыбалдиев 1 миллиондон ашык калкы бар облуска күйүк бөлүмүн ачуу зарыл экенин белгиледи. Демөөрчүлөр имараттын курулушун 4 айда бүтүрүүнү жана экинчи этапта жабдууларды сатып алууга көмөк көрсөтүүнү убадалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×