Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Жалал-Абад

Токтогулда ак калпакчан жаштар жөө жүрүшкө чыкты (фото)

Turmush -  Токтогул районунда 5-март — Ак калпак күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Райондук администрациядан маалымдашкандай, иш-чара ак калпак жана улуттук кийим кийген 600гө жакын адамдын катышуусундагы жөө жүрүш менен башталды.

Жөө жүрүшкө мекеме-ишканалардын кызматкерлери, орто окуу жайлардын студенттери жана шаар тургундары катышты. Андан кийин борбордук аянтта майрамдык концерт уюштурулду. Анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Маалыматта белгиленгендей, мындай иш-чаралар райондогу айыл аймактарда да уюштурулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 966
Көп окулду
×