Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 05.03.2018 15:06

Базар-Коргондо туу көтөрүп, ак калпак кийген тургундар жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Базар-Коргон районунда 5-март — Ак калпак күнүнө карата жөө жүрүш уюштурулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жөө жүрүшкө ак калпак кийип, колуна туу көтөргөн мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана райондун тургундары катышты. Иш-чара саат 09:00дө борбордук аянтта мамлекеттик гимндин коштоосунда башталып, куттуктоолор айтылып, ырлар окулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басарлары — Каныбек Тилекеев жана Замира Адышова куттуктоо сөздүрүн айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×