Бөлүмдөр
Шейшемби, 11-декабрь
Жалал-Абад облусуАксы району 05.03.2018 13:41

Жерге-Талдагы асфальт чыгаруучу заводдун унаалары жолду талкалап жатат, - тургундар (фото)

Turmush -  Аксы районунун Жерге-Тал айылынын тургундары асфальт заводдун унаалары борбордук көчөлөрдү бузуп жатканына нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Анарбек Акбаралы уулу билдирди.

Анын айтымында, асфальт чыгаруучу заводдун унаалары борбордук көчөлөрдү жарактан чыгарып жатат.

«Жерге-Тал айылынын четине курулуп, иштеп жаткан асфальт заводдун унаалары 25-30 тоннага чейин жүк ташыйт. Учурда айылдагы борбордук көчөлөрдүн жолдору талкаланып жатат. Завод ишке кирип жаткан учурда алар унаалары үчүн жол ачыларын айтышкан. Бирок жол ачылган жок», - деди ал.

Жерге-Тал айылына асфальт чыгаруучу завод 2015-жылы курулуп, ишке берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×