Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Аксыдагы мектепке айылдын бюджетинин үчтөн бир бөлүгүнө даараткана курулган (фото)

Turmush -  Аксы районунун Жерге-Тал айылындагы мектепке 700 миңден ашык сомго сапатсыз даараткана курулган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Анарбек Акбаралы уулу билдирди.

Анын айтымында, Абдыжапар Эрматов атындагы мектепке кымбат баадагы даараткана курулуп, бирок сапаты каралган эмес.

«Аталган мектепке 714 миң сомго даараткана салынган. Ал өтө кымбат баада курулуп, бирок сапаты каралган эмес. Учурда даараткана ишке берилгени менен айрым эшиктери орнотула элек. Даараткана жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулган», - деди ал.

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Ташкулов даараткана кымбат баада курулганын тастыктады.

«Мектептеги даараткана учурда иштеп жатат. Аны курууга тендерден 714 миң сом утуп алганбыз. Ал чындыгында кымбат баада курулуп калган», - деди Т.Ташкулов.

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн бюджети 3 млн сомду түзөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4817
Көп окулду
×