Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 04.03.2018 13:59 Жаңыланды: 04.03.2018 14:53

Айыл турмушу: Кара-көлдүк ырчы С.Бекташова тойдо «Жар-жар» ырын ырдоого канча акы алат? (маек)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 59 жаштагы тургуну, ырчы Салия Бекташова үйлөнүү үлпөт тойлордо «Жар-жар» ырын ырдоо кызматын көрсөтүп келет. Аймактык кабарчы жергиликтүү ырчы менен маектешти.

Ал 1959-жылы Таш-Көмүр шаарында төрөлгөн. Кара-Көл шаарындагы №2 Ч.Түлөбердиев атындагы орто мектепте 10-класска чейин билим алган. Он сегиз жашында турмуш куруп, Кыргыз улуттук университетинин кызгыз тили жана адабияты факультетин сырттан окуп бүтүргөн. Көп жылдар бою Бишкек шаарындагы балдар үйүндө тарбиячы болуп эмгектенген. Ошондой эле, улуттук радиодо штаттан сырткары иштеп, Күнболот Досумбаев, Д.Байдөбөтов өңдүү актерлор менен балдарга арналган «Кутмандуу болсун күнүңөр» аттуу берүүлөрдө аялдын үнү коштолгон тексттерди окуган. Cоюз тараган соң Россияга кетип, соода тармагында иштеген. Учурда Кара-Көл шаарында жашайт. Бир уулу, 4 небереси бар.

- Салия айым, ырчылык өнөрдү аркалап калышыңызга эмне түрткү болду?

- Менин апам ооз комузда мыкты ойночу. Кара-Көлдүн үн жаздыруучу студиясында ооз комуз ойноп, атайын жаздырган пластинкалары бар эле. Биз жаш болуп өз учурунда барктап, сактап койбоптурбуз. Таякелеримдин баары комузда, тай эжелерим ооз комуз ойношот. Кийин менин ырчы болушума ата-энем каршы болушту. Ошол кезде ата-энелердин көбү балдарынын ырчы болушун каалашчу эмес эле.

Мектептеги баардык кечелерге катышчумун. «Ар дайым апам болсун» деген ырды 5 тилде ырдайт элем. Өзүм ырдап, атактуу ырчы болуп кетпегенден кийин арман болуп калды. Уулум Эрлан Барманбаевди 3-классынан тартып Абдыраев атындагы музыкалык мектепке бердим. Андан кийин балам консерваторияны бүтүп, «Камбаркан» оркестрында эки жыл эмгектенип, учурда «Ордо сахна» тобунда жана аскердик оркестрда иштеп келет. Үйлөмө аспаптарда ойнойт, аранжировка жасайт.

- Чоң сахнага чыгып ырдадыңыз беле?

- Ооба, чоң сахнада ырдап жүрдүм. 1996-жылы ырчы Ж.Алымкуловдун жеке концертинде, Абидин Темировдун концерттеринде ырдап жүрдүм. Ошол 1996-жылы уюшулган атактуу ырчы айымдар А.Темирова, К.Эралиева, Г.Кахарова, Т.Черикчиева, А.Турдалиевалар менен шерине концертине катышып, телеберүүгө тартылдык. Мени чакырып, иштешели дегендер көп болду. Бирок эмнегедир өзүм чыгына албай койдум. Ырдоо мен үчүн хобби эле. Тойлордо өз каалоом менен ырдап берчүмүн. Көкүрөктө ырчылык өнөр болсо, ал эртеби же кечпи баары бир оргуштап чыгат экен. Өкүттө калбай ушул жашымда ырдап, Кара-Көлдүн ырчысы болгонума да кубанам.

- Учурда тойлорго тынымсыз чакырылып, «Жар-жар» ырдап жүргөнүңүздү көп көрүп калабыз?

- 2013-жылы Кара-Көлгө келип, атамдан калган үй-жайды оңдоп отурукташып калдым. Анткени үй-бүлөдө биз үч эле бир тууганбыз. Ата жайын күтүп кете турган инибиз жок. Жалаң кыздарбыз. Ошентип 2014-жылы «Жар-жар» ырын ырдоого суроо-талап түштү. Баламдан аранжировкасын жаздырып алып, ырдап баштадым. «Жар-жар» айтуу бул жакшы жөрөлгө деп ойлойм. Себеби, өзүм 60 жашка чыгып калдым. Бул куракта жаш жубайларга «Жар-жар» айтып, эл алдына алып чыгуу чоң чеберчиликти, ийкемдүүлүктү, акыл-насаатты, салмактуулук менен кошо абройду талап кылат. «Жар-жар» ырын Умай эне батасын берген сымал чын дилим менен ырдайм. Бул ырдын тарбиялык мааниси терең. Эл чакырып, дасторкон жайып, эки жашка бата берилет. Бул ырдын коштоосунда жаш келинди кайын журтка жүгүнтүп, күйөө баланы кайын журтка тааныштырууда көп тарбия жатат.

- Бул кызматыңыз үчүн канча акы аласыз?

- Кара-Көлгө караганда чоң шаарда, мисалы Бишкекте тойлордо кызмат кылуу оңой. Себеби атактуу ырчылардын 4 формасы жана репертуарында 15ке жакын ыры болот экен. Ал эми Кара-Көл кичине шаар. Биринчи күнү тойго барган адамдар экинчи күнкү да тойго барышат. Ошондуктан тойго кийген форманы экинчи күнү кайра кийип ырдай албайм. Анткени элди тажатып алуудан корком. Репертуарымда 40тан ашык ыр бар. Элди тажатып бир ырды кайра-кайра ырдабайм. «Жар-жар» айтуу менен бирге эки жолу ырдоого 4 миң сом акы алам. Биз алган акыбызга кайра эле форма тиктиребиз, ыр жаздырабыз. Мүмкүнчүлүккө жараша бир жылда бир жолу эс алабыз. Буга чейин Дубайга, Түркияга барып эс алып келдим. Өзүбүздүн курортторго барып ден соолугумду чыңдап турам.

- Тойлордо кызыктуу окуялар көп болсо керек?

- Тойлор көбүнчө август айында башталат. Мен октябрь, ноябрь айларында 27 тойго катыштым. Кызыктуу учурлар көп болот. Бир жолу тойдо күйөө бала «мен бир гана Алла Тааланын алдында баш ийем, элге жүгүнбөйм» деп болбой койду. Анын келинчеги гана жүгүндү. Ушул сыяктуу учурлар кездешет.

Өзүм тойдо кайра-кайра чыгып ырдоону жактырбайм, анткени эл тажап калат. Түгөлбай Казаков менен Асанкалый Керимбаев телеберүүгө барып, «эфирден кайра-кайра биздин ырларды бербегиле, эл тажап калат» дегендери эсимде. Ал эми азыр музыка каналынан бир ырчыны кайра-кайра көрсөтө беришет. Эл андан тажап, уккусу да келбей калат.

-Тойлордогу ысырапкорчулукка кандай карайсыз?

- Кыргыз эли илгертеден эле берешендүү эл болгон. Бирок жөнү жок ысырапкорчулук кылуунун кажети жок. Мисалы, азыркы учурдагы кыз узатуу той менен үйлөнүү тойду эки тарап биригип, бир той кылып берип коюшса жакшы болмок. Ошондой эле, халал тойлор өткөнү жакшы көрүнүш. Ошондой эле, дасторконго керектүүсүн гана коюп, оюн-зоок, жакшы каалоо-тилекке көп көңүл бурушса деген ойдомун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×