Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Жалал-Абад облусуАла-Бука району 03.03.2018 14:54

Ала-Букада кайнене менен келиндердин сынагы өттү (фото)

Turmush -  Ала-Бука районунда «Кайнене берген сабактан, келиндер өсөт дарактай» аттуу сынак өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн сынакка ар бир айыл өкмөттөн бир кайнене келини менен катышты.

Сынак беш шарттын негизинде уюштурулуп, анда кайненеге сый көрсөтүү, үй-бүлөдөгү турмуш чагылдырылган роликтер көрсөтүлүп, катышуучулар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Сынактын жыйынтыгында Өрүктү айыл аймагынын катышуучусу Кулумбетова келини менен 1-орунду ээлесе, 2-орунду Көк-Серек айыл аймагынан келген кайнене менен келин алды. Ал эми 1-Май айыл аймагынын катышуучусу 3-орунду ээледи.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер, дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×