Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Жалал-Абад

Кара-Көл шаарында Туу күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-мартта Кара-Көл шаарында Туу күнүн утурлай мамлекеттик туу расмий түрдө алмаштырылып илинди, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чарага шаар мэри Ильяз Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев катышып, шаар элин Туу жана 5-март — Ак калпак күнү менен куттукташты.

Мындан сырткары, Улуттук гвардиянын Кара-Көл шаарында жайгашкан №718 аскер бөлүгүнүн жоокерлери тууну илишип, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана №30 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жөө жүрүштөн өтүштү.

Ал эми мектеп окуучулары кыргыз атрибуттарын даңазалаган ырларды көркөм айтышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1252
Көп окулду
×