Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.03.2018 10:37

Жалал-Абадда Туу күнүндө 3 миңдей адам жөө жүрүшкө чыкты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарында Туу күнүнө жана 5-март — Ак калпак күнүнө карата 3 миңге жакын адам жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жөө жүрүшкө шаардагы жогорку окуу жайлардын студенттери, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышып, анда айымдар улуттук кийим, эркектер ак калпак кийип чыгышты.

Ал эми Уулуттук гвардиянын №704 аскер бөлүгүнүн жоокерлери тууну көтөрүштү.

Иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаев баштаган бийлик өкүлдөрү катышып, Туунун маанисине токтолуу менен ар дайым өлкө желеги желбирей беришин каалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×