Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Жалал-Абад

Кара-Көлдөн эки окуучу республикалык предметтик олимпиадага жолдомо алышты (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынан эки окуучу республикалык предметтик олимпиадага жолдомо алышты. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева билдирди.

Анын айтымында, 26-февралдан 28-февралга чейин Жалал-Абад шаарында облустук предметтик олимпиада өтүп, ага Кара-Көл шаарынан 24 окуучу катышты. Алардын ичинен 4 окуучу байгелүү орундарды багындырган.

- №1 Т.Сатылганов атындагы мектеп-гимназиянын окуучусу Байышбекова Айданек кыргыз тили жана адабияты;

- №3 М.Фрунзе атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучусу Султаналиева Алия орус тили жана адабияты сабагы боюнча облустук турдан өтүп, 23-марттан 26-мартка чейин өтө турган республикалык турга катышмай болду. Бул окуучуларды шаар башчысы Ильяз Еркеев куттуктап, билим берүү тармагында мындай жетишкендик акыркы 7-8 жылдан бери боло электигин айтты.

«Бул эки окуучубуз республикалык олимпиадага эжелери Эльвира Адегамова жана Рахат Тагаева менен кызуу даярданууда. Сабактарынан убактылуу бошотулду», - деди А.Мырзалиева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1312
Көп окулду
×