Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Жалал-Абад

Таш-Көмүрдүн 26 жаштагы тургуну кышкы салаттан ууланып, реанимацияга түштү

Turmush -  Таш-Көмүр шаарынын 26 жаштагы тургуну А.Абдыкадыр кызы кышкы салаттан ууланып, 28-февралда шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Жалал-Абад облусу боюнча координациялоо милдети жүктөлгөн Жалал-Абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык бөлүм башчысы Үпөл Назарбекованын айтымында, ал колго жасалган кышкы салаттан ууланган.

«Жергиликтүү тургун оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн, азыр анын абалы туруктуу болуп калды. Бейтап менен бирге тамактанган атуулдарды да бир ирет көзөмөлдөн өткөрдүк», - деди ал.

Ошондой эле, ал жарандарды тамактанууда кышкы салаттарга көңүл бурууга чакырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1189
Көп окулду
×