Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 02.03.2018 16:07

Базар-Коргондо 19 жаштагы кыз туздалган бадыраңдан ууланып, ооруканага түштү

Turmush -  Базар-Коргон районунун 19 жаштагы тургуну туздалган бадыраңдан ууланып, ооруканага түштү. Бул маалыматты Жалал-Абад облусу боюнча координациялоо милдети жүктөлгөн Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык бөлүм башчысы Үпөл Назарбекова тастыктады.

Анын айтымында, 28-февралда М.Султанова аттуу жергиликтүү тургун ботулизм менен райондук ооруканага түшкөн. Аны менен бирге бадыраң жеген үй-бүлөнүн 8 мүчөсү көзөмөлдө болууда.

«Бейтаптын абалы орто, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал ботулизмге кабылгандан кийин аны менен бирге туздалган бадыраң жеген үй-бүлө мүчөлөрү да текшерилди. Алар да көзөмөлдө болдууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×