Бөлүмдөр
Жекшемби, 22-июль
Жалал-Абад

Таш-Көмүр шаарынын мэрлигине эки талапкер ат салышат

Turmush -  Ушул жылдын 7-мартында Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоо өтөт.

БШКнын Таш-Көмүр шаарындагы өкүлү Надырбек Рыскуловдун айтымында, шаар мэрлигине КСДП партиясынан Бусурманкул Субаналиев, «Мекеним-Кыргызстан» фракциясынан Рахматилла Асаналиевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн. 31 мандаттуу шаардык кеңештин депутаттары атайын сессияда жашыруун добуш берүү аркылуу мэрди шайлашат.

Шаардык кеңеште «Мекеним-Кыргызстан» 10, КСДП 9, «Өнүгүү», «Ата Журт», «Таш-Көмүр жаштары» партиялары 4 мандатка ээ болушкан. Шаардык кеңештин төрагасы болуп депутаттардын колдоосу менен Сансызбаев Сулайман шайланган болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1137
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×